Сирияда террористтик даярдыктан өткөн кыргыз жарандары агымдан баш тартышты
3220
                                    
                                    
                                                                     Эл аралык террористтик жана диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү аныкталып, агымдан баш тартышты. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалымдалгандай, УКМК тарабынан Кыргыз Республикасындагы диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү боюнча профилактикалык иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Ага ылайык, Сирияда эл аралык террористтик уюмдардын катарында диверсиялык жана террористтик даярдыктан өткөн кыргыз жарандары, Нарын шаарынын 1985-жылы туулган Б.Б.С. аттуу тургуну жана 1988-жылы туулган Нарын облусунун Он-Арча айылынын Ж.А.Б. аттуу тургуну радикалдуу көз караштардан эл алдында баш тартышканын билдиришти.
Тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында бул адамдар тандап алган диний багытын туура эместигин моюнга алып, жарандарды эл аралык террористтик уюмдун/диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кайрылууларына алданбоого чакырышты.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/9991                                    
                                
                            
                            
                            