Министрлик окуучулардын жазгы каникулу канча күнгө созуларын айтты
4398
                                    
                                    
                                                                     Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын кышкы жана жазгы каникулдарынын графигине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизди. Ага ылайык:
- кышкы каникул 17 календардык күндү түзүп: 2022-жылдын 30-декабрында башталып, 2023-жылдын 15-январына чейин жарыяланат, сабактар 16-январда башталат;
 - жазгы каникул 5 календардык күндү түзүп: 22-марттан башталып, 26-мартка чейин жарыяланат, сабактар 27-мартынан башталат.
 
Белгилесек, окуучулардын кышкы каникулу 2023-жылдын 15-январына чейин узартылган. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарынын санитардык көрсөтмөлөрүнө ылайык иш жүргүзөт. Ал эми кесиптик лицейлер билим берүүсүн окутуунун онлайн форматында жүргүзөт.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/9858