Ошто жол боюнда соодагерлик кылгандарга 3 миң сомдон айып салынды
3820
                                    
                                    
                                                                     Ош шаарында жол боюнда соодагерлик кылган 6 адамга 3 миң сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаардык милициянын кайгуул кызматынан кабарлашат.
Белгилүү болгондой, шаар аймагында 31-декабрдан тартып баш аламан соода-сатык жүргүзгөндөргө карата рейд башталган. Иш-чаранын алкагында мыйзамсыз соода кылып жаткан жарандарга профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 3 миң сомдон айып пул салынууда.
Ош шаарынын А.Мамыров көчөсүндө соода кылган 6 соодагерге 3 миң сомдон айып пул салынды.Рейд 10-январга чейин уланып, баш аламан соода кылгандар жол боюнан тазаланат дешет мекемеден.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/9813