Баткен облусунун башчысына генерал-майор чини ыйгарылды
4438
                                    
                                    
                                                                     Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевге генерал-майор чини тапшырылды.
Облус башчысына наамды президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда ИИМдин Ички аскерлеринин жаңы заманбап казармасын ачып жатып тапшырды.Абдикарим Алимбаев 1973-жылдын 19-апрелинде Ош облусунун Кыргыз-Ата айылында туулган.
Ал 2014-жылдан тарта Чек ара кызматынын жетекчилик кызматында иштеп, 2021-жылдын 6-майынан баштап президенттин Баткен облусундагы өкүлү болууда.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/9764