Кыргызстан менен Казакстан биргелешкен ишкана түздү
5843
                                    
                                    
                                                                     Күн электр станциясын куруу боюнча кыргыз-казак биргелешкен ишканасы түзүлдү. Бул туурасында "Улуттук энергохолдинг" ишканасынан кабарлашат.
Маалым болгондой, "TazaEnergy" ("Улуттук энергохолдингдин" туунду компаниясы) менен Казакстандын "TGS-Energy Ltd." инвестициялык компаниясынын ортосунда "Күн Булагы" биргелешкен ишканасын түзүү боюнча уставдык документтерге кол коюлду.
- Күн электр станциясын куруу үчүн Ысык-Көл облусунан 80 гектар жер тилкеси бөлүнгөн.
 - Кубаттуулугу 50 МВт болгон күн станциясын курууга 35 миллион доллар сарпталып, долбоордун биринчи этабын 2023-жылдын декабрь айында бүтүрүү пландаштырылган.
 - Иштөө мөөнөтү 25 жылдан ашык болот.
 - Күн станциясы ишке кирсе жылына электр тармагын кеминде 90 миллион кВт/саат энергия менен камсыздайт.
 
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/9742                                    
                                
                            