Килиан Мбаппе "Алтын бутса" сыйлыгын жеңди
6367
                                    
                                    
                                                                     2022-жылкы Дүйнө чемпионатынын эң мыкты бомбардири Франция курамасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе болду.
Ал Дүйнө чемпионатынын финалында Аргентина менен болгон беттеште хет-трик жаратты. Бул мундиалда Килиан Мбаппе жалпы 8 гол киргизип, бомбардирлердин тизмесинде биринчи орунду ээледи. Ал эми аргентиналык чабуулчу Лионель Месси 7 гол менен экинчи орунга жайгашты
- Килиан Мбаппе 1998-жылы 20-декабрда Францияда төрөлүп, Бондиде чоңойгон.
 - Мбаппе улуту боюнча француз.
 - 6 жашынан баштап өзүнөн улуу футболчулар менен машыга баштаган.
 - 14 жашында "Реалдын" курамына чакыруу алган, бирок атасы каршы чыгып койгон.
 - "Монако" клубуна кошулган Мбаппе 16 жашында Франция чемпионатында дебют жасаган.
 - Мбаппеге кызыгып, алуу үчүн кезекке турган командалар кезекке турганы менен ал Франциядан кетүүгө ашыкпай келет.
 - Эң кымбат футболчулардын бири. Анын гонорары 300-350 миллион евро экенин ПСЖнын жетекчилиги айткан. Ал эми "Реал" Мбаппеге мындан дагы көп сумма сунуштаган.
 
Тема боюнча:
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/9650                                    
                                
                            
                
                
                