Бишкекте айрым маршруттук таксилердин каттамы өзгөртүлдү
3642
                                    
                                    
                                                                     Бишкекте айрым маршруттук таксилердин каттамдары жарым-жартылай өзгөртүлдү. Борбор калаанын мэриясынан кабарлашкандай, эки маршруттук такси жана бир автобустук каттамдардын багыты өзгөрдү. Алар:
- № 152 маршруттук каттамдын кыймылы өзгөртүлдү. Эми каттам Шералиев көчөсү менен Семетей көчөсүнө чейин, 18-көчөгө кирбестен жүрөт. Андан кийин мурдагы багыт менен каттайт.
 - № 38 автобустук каттамы түз эле Буурдин көчөсү боюнча Темиров тилкесине чейин, андан ары мурункудай каттам менен жүрөт.
 - № 172 маршруттук каттамы Учкун конушундагы 9-көчөгө чейин узартылат. Бул тургундардын өтүнүчү менен өзгөртүлдү.
 
Бишкек мэриясынан каттамдардын кыймылын өзгөртүү боюнча калган кайрылуулар канааттандырылбаганын кошумчалашты.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/9607