Гепатитке каршы эмдөө башталат. Тизмеде чач тарачтар, сулуулук кызматкерлери бар
5567
                                    
                                    
                                                                     2022-жылдын декабрь айында гепатиттин В түрүнө каршы эмдөө кампаниясы башталат. Бул туурасында Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунан маалымдашты.
Гепатиттин В түрү - боорду жабыркатуучу кеңири таралган жана коркунучтуу жугуштуу оору. Эгер убагында дарылабаса циррозго өтүп кетет. Ага каршы эң эффективдүү коргоо бул- эмдөө.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен калкты вирустук гепатитке каршы эмдөө боюнча максаттуу топтун тизмеси бекитилди. Ага ылайык, төмөнкү топтогулар эмделет:
- кан же кан толуктоочу азыктарды көп талап кылган адамдар, диализ менен ооругандар жана органдарын трансплантациялоочу реципиенттер;
 - рак менен ооруган бейтаптар;
 - кургак учук менен ооругандар;
 - гемофилия менен ооруган бейтаптар;
 - ВИЧ менен жашаган адамдар;
 - менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмунун кызматкерлери;
 - гепатитке каршы эмдөөлөрдүн толук курсун бүтүрө элек жана В гепатити эндемикалык аймактарга баргандар (бул категориядагы адамдарга саякатка чыгаар алдында эмдөө сунушталат);
 - эркиндигинен ажыратылган жайларда камалгандар;
 - инъекциялык баңгизатын колдонуучулар;
 - эркектер менен жыныстык катнашта болгон эркектер, трансгендерлер;
 - өнөкөт вирустук гепатити бар адамдар, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана жыныстык байланышта болгон адамдар;
 - коркунучтуу сексуалдык өнөктөштөрү бар адамдар;
 - мамлекеттик социалдык тейлөө мекемесинин кызматкерлери (карылар үйлөрү, балдар үйлөрү, ымыркайлар үйлөрү, интернаттар жана башкалар);
 - тейлөө кызматкерлери (чач тарачтар, сулуулук салондору, татуировка, хиджама жана башкалар);
 - аскер кызматчылары (ички аскерлер, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы, Улуттук гвардия, Коргоо министрлиги жана башкалар);
 - улуттук эмдөө графигинин алкагында вирустук гепатитке каршы эмдөөдөн өтпөгөн жарандар
 - бардык университеттердин, колледждердин жана башка эквиваленттүү мекемелердин студенттери.
 
Компания биринчи этапта Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунун аймагында декабрь айында өткөрүлөт. 2023-жылдын январынан тарта республиканын бардык аймактарында өткөрүлөт.
- Эмдөө Россияда чыгарылган "Регевак V" вакцинасы менен жүргүзүлөт.
 - Вакцина жогорку иммуногендик.
 - Вакцина универсалдуу. Аны жаңы төрөлгөн балдарга да, чоңдорго да колдонсо болот. Аны пландуу (вакцинациялоо графигине ылайык) жана шашылыш (инфекцияланган биоматериал менен байланышта болгон учурда) В гепатитинин алдын алуу максатында колдонсо болот.
 
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/9605