Садыр Жапаров бул ирет да ойнойт. Бишкекте футболдук турнир өтөт
3853
                                    
                                    
                                                                     Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган "Мурас" достук турнири өтөт. Оюн 14-15-декабрда болорун Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.
Турнирдин максаты – сергек жашоо образын жайылтуу, өлкөдө футзалды популяризациялоо, түрдүү катмардын өкүлдөрүнүн ортосунда достук жана расмий эмес мамилелерди өнүктүрүү.
Турнирге жалпы 16 команда катышат:
- Президенттин командасы
 - Маданият өкүлдөрү – "Өнөр"
 - Белгилүү ишкерлер - "Бизнес"
 - Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү – "Журналисттер"
 - Футбол ардагерлери – "Алга"
 - Спорт федерацияларынын жетекчилери - "Спорттук федерациялар"
 - Жогорку Кеңештин депутаттары - "Жогорку Кеңеш"
 - Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери - "Аймактар"
 - Дин өкүлдөрү – Ыйман
 - Кыргызстандагы чет мамлекеттердин элчилери – "Элчилер"
 - Ооруканалардын башкы дарыгерлери - "Ден соолук"
 - Окуу жайлардын директорлору, ЖОЖдордун ректорлору - "Билим"
 - Сот бийлигинин өкүлдөрү – "Фемида"
 - Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери - "Коопсуздук"
 - Белгилүү спортчулар - "Спорт жылдыздары"
 - Кыргыз Республикасынын эл ассамблеясы, диаспора лидерлери – "Достук"
 
Турнир жылына эки жолу (кышында жана жазында) өтөт.
Белгилей кетсек, буга чейин 30-августта Садыр Жапаров Кыргызстан жана КМШ өлкөлөрүнүн ардагер футболчуларынын мелдешинде ойногон.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/9480                                    
                                
                            