Бүгүндөн баштап Бишкектин борбордук көчөлөрүнө убактылуу чектөө киргизилет
4505
                                    
                                    
                                                                     Элдик курултайды өткөрүүгө байланыштуу Бишкектин борбордук көчөлөрүндө транспорт каттамдарына убактылуу чектөө киргизилет. Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, чектөөлөр 24-27-ноябрь аралыгында болот.
Бул күндөрү курултайга аймактардан келген катышуучуларды ташуу учурунда гана жолдор жабылат.
Чектөө киргизиле турган көчөлөр:
- Жибек Жолу кең көчөсү Фучик көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин;
 - Абдрахманов көчөсү Жибек Жолу кең көчөсүнөн Түштүк магистралга чейин;
 - Манас /Чыңгыз Айтматов кең көчөсү Жибек Жолу кең көчөсүнөн Түштүк магистралга чейин.
 
Белгилей кетсек, Элдик курултай 25-26-ноябрь күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/9378