Канат Исаевдин камактагы мөөнөтү узартылды
4359
                                    
                                    
                                                                     Экс-депутат Канат Исаевдин баш коргоо чарасы бүгүн, 21-ноябрда Биринчи Май райондук сотунда каралды. Соттун чечими менен экс-депутат 23-декабрга чейин камакта калтырылды.
Эске салсак, 23-октябрда опозиция саясатчылары, активисттер коомдук баш аламандыкты жаратууга шектелип кармалган. Андан бир күн мурун Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо боюнча комитет түзүлгөн.
27-октябрда кармалган активисттер соттун чечими менен эки айга СИЗОго киргизилген. Камакка алынгандар:
- Акылбек Айтбаев
 - Айданбек Акматов
 - Нурлан Асанбаев
 - Бектур Асанов
 - Атай Бейшенбек
 - Азимбек Бекназаров
 - Эрлан Бекчороев
 - Айбек Бусурманкулов
 - Гулнара Журабаева
 - Кеңешбек Дүйшебаев
 - Равшан Жээнбеков
 - Кубанычбек Кадыров
 - Рита Карасартова
 - Чынгыз Капаров
 - Таалайбек Мадеминов
 - Улукбек Маматаев
 - Жеңиш Молдокматов
 - Асия Сасыкбаева
 - Клара Сооронкулова
 - Перизат Суранова
 - Али Шабдан
 - Марат Баязов
 - Орозайым Нарматова
 - Илгиз Шаменов
 - Мамбетжунус Абылов
 - Талант Эшалиев
 - Канат Исаев
 
Канат Исаевден башкасынын иши "массалык баш аламандык" беренеси боюнча каралууда. Исаевдин иши "жашыруун" деп белгиленип, ал 1 айга СИЗОго киргизилген.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/9348