Сокулукта баасы 600 миң сомго барабар дары-дармектер уурдалды. Шектүүлөр аныкталды
3396
                                    
                                    
                                                                     Чүйдүн Сокулук районунда дарыканадан баасы 600 миң сомду түзгөн дары-дармек уурдалды. Шектүү катары 3 адам кармалганын Чүй ОИИББден кабарлашат.
Маалыматка караганда, 9-ноябрга караган түнү Шопоков шаарындагы дарыканага белгисиз адамдар кирип баасы 600 000 сомго барабар болгон дары-дармектерди уурдап кетишкен. Дарыкана ээси Сокулук РИИБге арыз менен кайрылган.
Аталган факты 205-берене (уурулук) менен каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.
15-ноябрда жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 1999 жылы туулган Т.А., 1994-жылы туулган Ж.Э. жана 1988-жылы туулган Ж.У. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/9293                                    
                                
                            
                            
                            
                            