"Жүрөгүм тилинип турат". Жеңиш Молдокматов камакта калтырылды
Активист Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасы бүгүн, 11-ноябрда Бишкек шаардык сотунда каралды. Анын жактоочусу Кантемир Турдалиев Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгарууну өтүндү.
Ал эми Жеңиш Молдокматов Кемпир-Абадды берүүгө каршы чыккандардан бийлик коркуп жатканын айтат.
"Менин жүрөгүм тилинип турат... Кемпир-Абад деп кармалгандарга кайдыгер караганыңарга. Аталар калпагын, апалар жоолугун алмаштырып, унаанын коштоосунда барышып "ушул уул-кыздарды камагыла" дегенде жүрөгүм тилинди. Качан кыргыз ушундай майдаланды эле?! Жерин сактайм деген уул-кыздарын кыргыздар качан сатты эле? Булар "эл бузарлар", "душмандар", "популисттер" деп кыргыздын апалары, аталары айтканына мен күйүп жатам", - деди ал.
Соттук коллегия Жеңиш Модокматовду СИЗОдо камакта калтыруу чечимин кабыл алды.
Белгилесек, 23-октябрда опозиция саясатчылары, активисттер коомдук баш аламандыкты жаратууга шектелип кармалган. Андан бир күн мурун Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо боюнча комитет түзүлгөн.
27-октябрда кармалган активисттер соттун чечими менен эки айга СИЗОго киргизилген. Камакка алынгандар:
- Акылбек Айтбаев.
 - Айданбек Акматов.
 - Нурлан Асанбаев.
 - Бектур Асанов.
 - Атай Бейшенбек.
 - Азимбек Бекназаров.
 - Эрлан Бекчороев.
 - Айбек Бусурманкулов.
 - Гулнара Журабаева.
 - Кеңешбек Дүйшебаев.
 - Равшан Жээнбеков.
 - Кубанычбек Кадыров.
 - Рита Карасартова.
 - Чынгыз Капаров.
 - Таалайбек Мадеминов.
 - Улукбек Маматаев.
 - Жеңиш Молдокматов.
 - Асия Сасыкбаева.
 - Клара Сооронкулова.
 - Перизат Суранова.
 - Али Шабдан
 - Марат Баязов.
 - Канат Исаев.
 
Талант Эшалиевге карата сот сырттан баш коргоо чарасын – үй камагын тандалган. Андан сырткары Мамбетжунус Абылов, экс-депутат Орозайым Нарматова менен жарандык активист Илгиз Шаменов Россияда кармалып, СИЗОго киргизилген.
Канат Исаевден башкасынын иши "массалык баш аламандык" беренеси боюнча каралууда. Исаевдин иши "жашыруун" деп белгиленген.