Рита Карасартова, журналист Айданбек Акматов камакта калтырылды
Бүгүн, 11-ноябрда Бишкек шаардык сотунда массалык баш аламандык уюштурууга шектелгендердин кармалышынын мыйзамдуулугу жана баш коргоо чарасы каралууда.
Соттук коллегия журналист Айданбек Акматовдун кармалышын мыйзамдуу деп таап, 20-декабрга чейин СИЗОдо кармоо чечимин кабыл алды.
Андан кийин сот активист Рита Карасартованын баш коргоо чарасын карап, буга чейинки соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.
Белгилей кетсек, 10-ноябрда мурдагы депутаттар Канат Исаев, Равшан Жээнбеков жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асановдун жактоочусунун апелляциялык арызы каралып, жактоочунун арызы канааттандырылган жок. Тагыраагы, Канат Исаев 23-ноябрга чейин, Равшан Жээнбеков жана Бектур Асанов 20-декабрга чейин камакта калтырылды.
Белгилесек, 23-октябрда опозиция саясатчылары, активисттер коомдук баш аламандыкты жаратууга шектелип кармалган. Андан бир күн мурун Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо боюнча комитет түзүлгөн.
27-октябрда кармалган активисттер соттун чечими менен эки айга СИЗОго киргизилген. Камакка алынгандар:
- Акылбек Айтбаев.
 - Айданбек Акматов.
 - Нурлан Асанбаев.
 - Бектур Асанов.
 - Атай Бейшенбек.
 - Азимбек Бекназаров.
 - Эрлан Бекчороев.
 - Айбек Бусурманкулов.
 - Гулнара Журабаева.
 - Кеңешбек Дүйшебаев.
 - Равшан Жээнбеков.
 - Кубанычбек Кадыров.
 - Рита Карасартова.
 - Чынгыз Капаров.
 - Таалайбек Мадеминов.
 - Улукбек Маматаев.
 - Жеңиш Молдокматов.
 - Асия Сасыкбаева.
 - Клара Сооронкулова.
 - Перизат Суранова.
 - Али Шабдан
 - Марат Баязов.
 - Канат Исаев.
 
Талант Эшалиевге карата сот сырттан баш коргоо чарасын – үй камагын тандалган. Андан сырткары Мамбетжунус Абылов, экс-депутат Орозайым Нарматова менен жарандык активист Илгиз Шаменов Россияда кармалып, СИЗОго киргизилген.
Канат Исаевден башкасынын иши "массалык баш аламандык" беренеси боюнча каралууда. Исаевдин иши "жашыруун" деп белгиленген.
                