Ырчы Бекжан Темирхан жол кырсыгынан каза тапты
6157
                                    
                                    
                                                                     Жаш ырчылардын бири, сахнада өз орду бар Бекжан Темирхан автокырсыктан каза тапты. Бул тууралуу анын жакын санаалаштары билдиришти.
Маалыматка караганда, ырчы 10-ноябрда кечинде Боомдо кырсыктаган.
Бекжан Темирхан 1996-жылы Аксынын Кызыл-Жар айылында төрөгөн. 5 бир туугандын улуусу. Ал жакында эле үйлөнгөн.Репертуарында "Эзилип бүттүм", "Кантем", "Шекерим", "Эрке", "Мадам", "Таптым", "Карлыгачым" жана башка ырлары жана клиптери болгон.
Kaktus.kg редакциясы ырчынын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/9229