Кыргызстанда санариптештирүүнүн деңгээли өсүп, 81-орунга жайгашты
3956
                                    
                                    
                                                                     Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда санариптештирүүнүн деңгээли өсүп жатканын кабарлайт. Мындай маалыматты министрлик Бириккен улуттар уюму жүргүзгөн мониторингге шилтеме берүү менен кабарлады.
Ага ылайык:
- 193 өлкөнүн арасынан E-Government Development Index (электрондук өкмөттүн өнүгүү деңгээли) рейтингинде Кыргызстан 81-орунга жайгашты;
 - Муну менен 8 жылда Кыргызстандагы санариптештирүү 20 позицияга жогору көтөрүлдү; Азыркы учурдун EGDI рейтингиндеги Кыргызстандын бул көрсөткүчү эң мыкты көрсөткүч болуп саналат.
 - Кыргызстан жарандардын электрондук катышуусунун рейтингинде да ишенимдүү түрдө 79-орунга көтөрүлдү.
 
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/9099