КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны Бишкекте өтөт. Дагы эмне белгилүү
4217
                                    
                                    
                                                                     Бүгүн, 14-октябрда Астанада өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында бир катар маанилүү документтерге кол коюлду. Алардын баары соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана коопсуздук тармагындагы интеграциялык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы билдирди.
Төмөнкү документтерге кол коюлуп, бекитилди:
- КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын 2023-жылы Бишкек шаарында өткөрүү жөнүндө;
 - Аткаруу комитетинин төрагасы - КМШ аткаруу катчысы жөнүндө;
 - КМШны өнүктүрүүдө ага мүчө-мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын ролу жөнүндө;
 - КМШнын алдында түзүлгөн орус тилин колдоо жана өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм жөнүндө;
 - КМШда 2024-жылды Ыктыярчылар кыймылынын жылы, 2025-жылды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы - нацизмге каршы күрөшүүдөгү тынчтык жана биримдик жылы, 2026-жылды Саламаттык сактоо жылы деп жарыялоо тууралуу;
 - КМШга мүчө-мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин консультативдик кеңешин түзүү тууралуу макулдашуу жөнүндө;
 - КМШга мүчө мамлекеттердин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташуусу тууралуу макулдашуу жөнүндө;
 - КМШга мүчө-мамлекеттердин 2023-2025-жылдарга карата терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча кызматташуу программасы жөнүндө;
 - Эркин соода кызмат көрсөтүү, инвестиция түзүү, анын ишмердиги жана аны ишке ашыруу тууралуу макулдашуунун долбоорун даярдоо жөнүндө;
 - 2024-жылы Санкт-Петербург шаарын Шериктештиктин маданий борбору деп жарыялоо жөнүндө;
 - КМШга Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна байкоочу макамын берүү жөнүндө;
 - КМШнын Адам укуктары боюнча комиссиясы жөнүндө;
 - КМШнын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө;
 - КМШга мүчө-мамлекеттердин президенттеринин маданият чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу билдирүүсү жөнүндө;
 - КМШга мүчө-мамлекеттердин президенттеринин климат чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу билдирүүсү жөнүндө.
 
                
                    Маршруткалардын иш таштоосу                
                
                    (193 статьи)                
            
            
                        
                            Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу                        
                        
                                    
                            28 Октябрь 2022, 13:49                        
                    
                        
                            Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды                        
                        
                                    
                            28 Октябрь 2022, 12:27                        
                    
                        
                            "Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди                        
                        
                            
                            28 Октябрь 2022, 12:11                        
                    
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/8885