Талант Мамытовдун ордуна спикерликке Нурланбек Шакиевдин талапкерлигин көрсөтүштү
3787
                                    
                                    
                                                                     Жогорку Кеңештин үч фракциясы жана депутаттык топ спикерликке Нурланбек Шакиевдин талапкерлигин көрсөтүштү.
Вице-спикер Улан Примовдун айтымында, Шакиевди "Ата-Журт Кыргызстан", "Альянс", "Ишеним" фракциялары жана "Элдик" тобу колдоду. Талапкер өзү "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын лидери.
Башка фракциялар дагы альтернативдүү талапкерди көрсөтө элек.
Эске сала кетсек, Буга чейин Талант Мамытов спикерликтен кеткен.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/8727