Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери башталды. Унаалар кандай тартипте жүрөт
3088
                                    
                                    
                                                                     3-7- октябрь күндөрү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 118-чакырымында (Боом капчыгайы) кооптуу таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Тазалоо учурунда жол жарым-жартылай тосулуп, унаалар бир тилкеге гана багытталат.
30-40тан ашык унаанын топтолгон учурда таштарды түшүрүү иштери токтотулуп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилери айтылат.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/8690