Тажикстандын куралдуу кол салуусу. Жабыркагандардын саны 206га жетти
10839
                                    
                                    
                                                                     Баткен облусундагы куралдуу кагылыштан жабыркагандардын саны бүгүн, 4-октябрга карата 206га жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Ооруканаларда жалпысынан 115 адам дарылануусун улантууда. Калгандары амбулатордук дарыланууда.
Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар.
Ал эми каза болгондордун саны 62.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/8428                                    
                                
                            
