Баткендеги абал. Дагы бир жашы жете элек бала ооруканага түштү
3608
                                    
                                    
                                                                     Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде орун алган ок атышуудан дагы бир жаран жабыркады. Ал 11 жаштагы жергиликтүү тургун экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, саат 21:00гө карата Лейлек районунун жалпы дарыгердик практика борборуна дагы бир бейтап түштү. Ал 11 жаштагы С.Н. ийининен жана жаагынан жаракат алган. Абалы орто оордукта.
Буга чейин:
- 21 жаштагы Г. уулу Б. бейтапканага түшкөн. Диагнозу: баштын чач өскөн тарабы жарылуудагы сыныкчалардан сыйрылып кеткен. Абалы орточо оор.
 - 31 жаштагы И. кызы Б. оор абалда ооруканага жеткирилген. Диагнозу: бел тарабына атылган ок ич көңдөйүнө кирип кеткен. Ич көндөйүнүн ички кан агуусу. З-даражадагы травматикалык шок. Абалы өтө оор, тез арада операцияга алынган.
 
Дары-дармектер жана медициналык буюмдар, кан компоненттери жетиштүү санда бар. Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен облусундагы бардык кызматтары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөнүн кошумчалады маалымат кызматынан.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/8379                                    
                                
                            
