Ата-энеси урушуп койгон. Чүйдө дайынсыз болуп жаткан бир тууган кыздар табылды
4508
                                    
                                    
                                                                     Чүй облусунда 31-августтан бери дайынсыз болуп жаткан Алтынай жана Айсулуу аттуу бир туугандар аман-эсен табылды. Чүй ОИИББдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бир туугандар Бишкек шаарындагы тааныштарыныкында болгон.
"Кыздар кечээ, 3-сентябрда Бишкектеги тааныштарыныкынан табылды. Алар ата-энеси урушуп койгону үчүн үйүнөн чыгып кетишкени такталды. Кыздар ата-энесине өткөрүлдү", - дешти маалымат кызматынан.
Белгилей кетсек, кыздардын ата-энеси милицияга 2-сентябрда кайрылган. Анда 2007-жылы туулган Алтынай жана 2013-жылы туулган Айсулуу аттуу кыздары 31-августта саат 07:40 чамасында Кеминдеги Кароол-Дөбө айылындагы үйүнөн чыгып кетишкен бойдон кайтып келбегенин айтышкан.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/8200