Ошто аю туристтердин ичеги-карынын жарганы айтылды. Милиция маалыматты текшерди
4990
                                    
                                    
                                                                     Социалдык тармактарда жайлоого чыккан туристтерди уктап жатканда аю келип ичеги-карынын жарып салды деген аудио жана сүрөт тарады. Анда окуя Ош облусунда жайлоодо болгону айтылган.
Интернетке тарап жаткан маалымат милиция кызматкерлери тарабынан териштирилгенин Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан Kaktus.kg сайтына билдиришти.
"Бир күн мурда интернетке чыккан маалымат фейк болуп чыкты.Тагыраагы, бул окуя 2017-жылы Башкортастан Республикасында болуптур. Ошондогу сүрөткө аудио билдирүү тиркелип WhatsApp аркылуу тарап жатат",
- дешет мекемеден.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/7804                                    
                                
                            
                