Бишкектеги мейманкада жашап кеткен кыз Жалал-Абаддагы үйүнө кайтып барды
6021
                                    
                                    
                                                                     Бишкекте изделип жаткан 13 жаштагы Каныкей Жакшыбаева Жалал-Абаддагы үйүнө кайтып барды. Бул туурасында Ленин РИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.
13 жаштагы кыз 30-июлда таңкы саат 04:00 чамасында аман-эсен үйүнө кайтып барганын ата-энеси кабарлады. Учурда кыздын дайынсыз болушунун жагдайлары такталууда.
Эске салсак, 29-июлда өспүрүм кыздын жакыны милицияга кайрылган. Ал 25-июлда саат 17:00 чамасында Каныкей Жакшыбаева Жалал-Абаддагы үйүнөн чыгып кеткенин кабарлаган. Эртеси өспүрүм кыз Бишкектеги Турусбеков көчөсүндө жайгашкан мейманканада 2 күндүк жашоо акысын төлөп, 27-июль күнү саат 14:30га чейин мейманканада болуп, андан кийин чыгып кеткендиги аныкталган.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/7690                                    
                                
                            
                