Кыз өзүнүн курбусун тепкилеп жаткан видео тараган. ИИМ алардын өздүгүн тактады
6534
                                    
                                    
                                                                     Социалдык тармакта бир кыз курбусун тепкилеп жаткан видео тараган. ИИМ бул окуя 2022-жылдын 7-июнь күнү Жалал-Абад шаарында болгонун аныктады.
Аталган башкармалыктын маалыматы боюнча бул видеотасма Жалал-Абад ШИИБдин МЭЖне катталып, милиция тарабынан алдын ала териштирүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө видеодогу мушташып жаткан кыздардын өздүктөрү аныкталып (2006-ж.т. Модина жана 2003-ж.т. Тазагүл), милицияга алынып келинген. Бирок бул эки кыз жакын курбу болгондуктан, жабырлануучу эч кимге арыз доосу жоктугун билдирип, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/7244