Кыргызстандык спортчулардын парадга кийчү формасы аныкталды. Сүрөттөр
4776
                                    
                                    
                                                                     Кыргызстандын курама командасы парадга кие турчу форманын дизайнын тандаган сынак жыйынтыкталды.
Сынакта 7 катышуучу өздөрүнүн идеясын сунушташкан. Жыйынтыгында "Baira" бренди жеңишке ээ болду.
Биринчи турда атайын түзүлгөн комиссиясы бардык катышуучулардын эмгектери менен таанышып, эң ылайыктуусун тандап алышкан. 2-турда добуш берүү социалдык тармактар аркылуу өткөн.
Конкурстун жыйынтыгы:
- Baira (улуттук форма) - 3 411 добуш;
 - Baira (спорттук экипировка) - 2 624;
 - Элвира Султангазиева (улуттук форма) - 2 555;
 - Mantis (спорттук экипировка) - 1 043;
 - Асема Кубанычбекова (спорттук экипировка) - 623;
 - JOMA (спорттук экипировка) - 188;
 - Адеми Арт (улуттук форма) - 159.
 
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/7227