Билим берүү министрлиги окуу жылын кайра 1-сентябрдан баштоону карап жатат
4593
                                    
                                    
                                                                     Билим берүү министрлиги окуу жылын кайра 1-сентябрдан баштоону карап жатат. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына аталган башкармалыктан билдиришти.
Маалыматта, буга чейин ата-энелерден жана мугалимдерден окуу жылын 1-сентябрдан баштоо тууралуу көптөгөн даттануулар келип түшкөнү айтылат. Мындан улам комиссия түзүлгөн.
"Өтүнүчтөрдү эске алуу менен эски график кайра кайтарылып, кийинки окуу жылы 1-сентябрдан башталышы мүмкүн", - деп билдирди башкармалык.
Эске салсак, 2021-жылы мектептерде сабактар 15-сентябрда башталып, 2022-жылдын 8-июнунда аяктаган.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/7050