Көбү айылда жашайт. Кыргызстанда канча бала бар? (статистика)
4900
                                    
                                    
                                                                     2021-жылдын башына карата Кыргызстанда 18 жашка чейинки 2 миллион 512 миң бала жашаса, анын жарымынан көбүн (51%) эркек балдар түзөт. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.
Ведомствонун маалыматы боюнча, 2020-жылдын башына салыштырмалуу 2021-жылдын башына карата балдардын саны дээрлик 56 миңге же 2,3%га өскөн.
2022-жылдын башына карата балдардын жалпы саны жаштарына карата:
- 44% - 7 жашка чейинки балдар (1 млн 118 миң);
 - 43% - 7-14 жаштагылар (1 млн 74 миң);
 - 13% - 15-17 жаштагы өспүрүмдөр (320 миң).
 
Балдардын басымдуу көпчүлүгү (67%) айыл жеринде жашашат.
2020-жылы 158 миңден ашык бала төрөлгөн – 81 миң уул жана 77 миң кыз.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/6898