Россиянын жараны Кыргызстандагы эс алуунун артыкчылыктарын атады
4712
                                    
                                    
                                                                     Кыргызстанга келип кеткен россиялык турист биздин өлкөдөгү эс алуунун артыкчылыктарын санап өттү. Бул тууралуу ал өзүнүн блогунда айтып берген.
- Турист биринчи эле "Борбор Азиянын бермети" - Ысык-Көл тууралуу айтып берди. Блогердин пикири боюнча, анын жээгинде тиешелүү инфраструктура: ресторан, отель жана башка көңүл ачуучу мекемелер бар. Ошол эле маалда өз алдынча, табияттын койнунда эс алганды жакшы көргөндөр да эл тебелеп-тепсей элек жерлерди таап, тунук сууга түшө алышат.
 - Андан тышкары, Кыргызстанга кирүү үчүн жарандык паспорт талап кылынбайт. "Республика Россиядан келгендерди ички паспорт менен деле кабыл алууга даяр", - деп дагы бир артыкчылыгын айтты.
 - Чыгыштын колоритин белгилеп, жергиликтүү базарларга барганың эле кызыктуу экскурсияга тете. Ошол эле маалда көпчүлүк орус тилинде таза сүйлөйт.
 - Тамак ашы даамдуу, баасы арзан, авибилеттер да арзан. Мисалы ал өзү билетти 19 миң рублге сатып алганын белгилеген.
 - Эң башкысы, Кыргызстандын эли орустарга аябай жакшы мамиле кылышат, деп турист соңунда жыйынтык чыгарды.
 - "Мен түрдүү жайгдайларга түшүп калып жаттым, ошого карабастан эли меймандос экенине көп ирет күбө болдум", - дейт саякатчы.
 
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/6648