АКШнин сенаты Путинди аскер кылмышкери деп атады. Украинадагы кырдаал
4229
                                    
                                    
                                                                     Би-би-синин орус кызматы, Meduza жана башка басылмалар 15-16-мартка карата Украинадагы кырдаал жана анын фонунда дүйнөдө эмне болуп жатканын айтып беришти.
- АКШнин сенаты бир добуш менен Россиянын президенти Владимир Путинди аскер кылмышкери деп тааныган резолюцияны кабыл алды.
 - Байден дагы миллиард доллар өлчөмүндө Украинага жардам көрсөтүлө турганын жар салат.
 - Украинанын генштабы берген маалыматка ылайык, Россия кол салган аскеринин 40%ын жоготту.
 - БУУ: согуш башталгандан бери 691 жөнөкөй жаран каза болду, 1143 киши жарадар болду. Бул тастыкталган учурлар гана. БУУнун пикири боюнча реалдуу цифралар алда кайда жогору.
 - Тигран Худавердян Евробиримдик жарыялаган санкциялардан кийин "Яндекс" компаниясынын жетекчилигинен кетти.
 - Фармгигант Eli Lilly Россияга дары-дармек жеткирүүдө чектөөлөр киргизилгенин жарыялады.
 - Киевге Польша, Чехия жана Словениянын премьерлери келди. Алар Зеленский менен жолугушкан.
 - Евробиримдик Россияга каршы санкциялардын төртүнчү бөлүгүн баштады. РФке кымбат баалуу буюмдарды, кийим-кечекти, спирт ичимдиктерин, автомобилдерди экспорттоого тыюу салынды. Роман Абрамович, Константин Эрнст, Сулейман Керимовдор дагы санкцияга кабылышты.
 - АКШ Украинага жардам катары 13,6 миллиард доллар бөлүп берет.
 - Италиянын Пиза шаарындагы аэропорттун кызматкерлери гуманитардык жардам катары Украинага жөнөтүлүп жаткан курал жарак жана боеприпастарды учактарга жүктөөдөн баш тартышкан.
 
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/5994