Айыл чарба министри: "Өлкөдө азык-түлүк боюнча кооптонууга негиз жок"
4084
                                    
                                    
                                                                     Министр: "Өлкөдө азык-түлүк боюнча кооптонууга негиз жок"
Өлкөдө азык-түлүк боюнча кооптонууга негиз жок. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта маалымат жыйында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
Анын айтымында өлкөдө азыр 2 жарым айга жеткидей 20 миң тоннадан ашуун кумшекер бар.
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында 3 айга жеткидей кумшекер бар.
Ошондой эле Бишкектеги ири дүкөндөр "Народный", "Фрунзе", "Глобуска" 65 сомдон 4 тонна кум шекер жеткирилгенин, ал жерде кумшекер 67 сомдон сатылып жатканын айтты.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/5945