Украинадагы кырдаал. Акыркы сааттардагы негизги окуялар
3649
                                    
                                    
                                                                     Meduza басылмасы Украинада акыркы сааттарда эмнелер болгонун кыскача жазды.
- Fitch агенттиги Россия эмитенттин дефолтунун чет элдик валютадагы узак мөөнөттөгү рейтингин "C" көрсөткүчүнө чейин төмөндөттү.
 - Центробанк россиялыктардын эсебинен акча чыгарууну чектеди. Доллар менен 10 миңге чейин эле алса болот. Калганын рубль менен гана.
 - Universal Music Россиядагы бардык кеңеселерин жаап, бизнес-операцияларын токтотту.
 - PepsiCo, Coca-Cola жана Starbucks РФте ишмердүүлүгүн токтотконун жар салышты. McDonaldʼs Россиядагы бардык ресторандарын убактылуу жапты.
 - Россия 9-мартта, Москва убакытсы боюнча саат 10:00дон тартып, Украинаны бир нече калк жайгашкан пункттарына гуманитардык коридорлорду камсыздоого даяр экенидигин билдирди.
 - Россиялык министрликтердин жана ведомстволордун сайттарына чабуул салынып, бузулду. Алардын баракчаларында согушка каршы сүрөттөр жайгаштырылган.
 - Байден россиялык нефть менен газды импорттоого тыюу салды.
 - Улуу Британия жылдын соңуна чейин россиялык энергияны алып жүрүүчүлөрдөн көз карандысыз болууну пландап жатат.
 - ЦРУ россиялык аскердин Украинадагы жоготуусун аныктады: 2000-4000 кишиге чейин.
 - LʼOreal корпорациясы Россиядагы дүкөндөрүн жабат. Анын ичинде интернет-магазиндерди дагы.
 - Shell менен BP компаниялары Россиядан нефть жана газ сатып алуудан баш тартты.
 
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/5884