Улукбек Марипов премьер-министр болуп дайындалды (Фоторепортаж)
3816
                                    
                                    
                                                                     Премьер-министр Улукбек Марипов жана жаңы өкмөттүн мүчөлөрү Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында ант беришти.
Эл алдында, президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында төмонкүлөр ант беришти:
- Улукбек Марипов - премьер-министр;
 - Артем Новиков - биринчи вице-премьер-министр;
 - Улукбек Кармышаков - вице-премьер-министр - экономика жана финансы министри;
 - Жеңишбек Асанкулов - министр рангындагы өкмөттүн аппаратынын жетекчиси;
 - Таалайбек Өмүралиев - коргоо министри;
 - Руслан Казакбаев - тышкы иштер министри;
 - Асел Чынбаева - юстиция министри;
 - Алымкадыр Бейшеналиев - саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри;
 - Алмазбек Бейшеналиев - билим берүү жана илим министри;
 - Кайрат Иманалиев - маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
 - Бообек Ажикеев - өзгөчө кырдаалдар министри;
 - Улан Ниязбеков - ички иштер министри;
 - Гүлмира Абдралиева - транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри;
 - Кубанычбек Турдубаев - энергетика жана өнөр жай министри;
 - Аскар Жаныбеков - айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;
 - Камчыбек Ташиев - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы.
 
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерине киришип жатып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Кыргыз Республикасынын Президентинин жана парламент депутаттарынын катышуусунда ант беришет.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/577