Шашылыш билдирүү! Кар көчкү түшүүcү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот
3842
                                    
                                    
                                                                     Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы шашылыш билдирүү таратты. 1-февралдан 3-февралга чейин кар көчкү түшүүcү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Билдирүүгө ылайык, 2021-жылдын 1-февралынан 3-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/543