Садыр Жапаров Кытайга учуп кетти. Делегациянын мүчөлөрү
4613
                                    
                                    
                                                                     Бүгүн, 3-февралда Садыр Жапаров иш сапары менен Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Пекин шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы билдирди.
Пекинде Кыргызстандын өлкө башчысы 2022-жылкы Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышып, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат. Жолугушууда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланышы пландалууда.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында Садыр Жапаровдон тышкары:
- Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
 - Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;
 - Кыргызстандын КЭРдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Канайым Бактыгулова;
 - Экономика жана коммерция министри - Данияр Амангелдиев;
 - Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев.
 
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/5439                                    
                                
                            