Жаңы жылда канча күн эс алуу болот? 2022-жылдын календары
14094
                                    
                                    
                                                                     Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги жаңы 2022-жылга карата өндүрүштүк календарды бекитти.
Документке ылайык, жылдын биринчи күнү, 1-январь ишембиге туура келгендиктен 3-январга жылдырылат. Демек, 5 күндүк график менен иштеген кыргызстандыктар үч күн: 1, 2 жана 3-январда эс алышат.
6-январь майрам алдындагы кыскартылган күн, 7-январь эс алуу күнү, бул күнү Рождество белгиленет.
Эмгек министрлигинен 1-январдан 10-январга чейинки эс алууда кандайдыр бир өзгөртүүлөрү болуп-болбору тууралуу департамент кошумча маалымат берерин белгиледи.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын символу Көк суу жолборсу.
Эске салсак, мектеп окуучуларынын кышкы каникулу 31-декабрдан 11-январга чейин созулат.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/4430