Айсулуу Тыныбекова АКШда балбан кыздарга мастер-класс өткөрдү. Видео
3813
                                    
                                    
                                                                     Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Токио олимпиадасынын байге ээси Айсулуу Тыныбекова АКШда кыздарга мастер-класс өткөрдү. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.
Анын айтымында, аялдар күрөшүн өнүктүрүү аркылуу кыз-келиндер мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган Wrestle like a girl (Кыздай күрөш) уюмунун кыздарына мастер-класс өткөрүлдү.
"Чынын айтсам, абдан толкундандым. Бирок бул сүйкүмдүү кыздар мени жылуу кабыл алып, колдоо көрсөтүштү. Алардын ийгиликтерге жетишип, дараметин ачууну чын дилимден каалайм", - деп жазган Тыныбекова.
Белгилей кетсек, учурда Тыныбекова АКШда машыгып, ошол эле убакта мекендештер менен жолугушууларды өткөрүүдө.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/4318