Бишкектин бир бөлүгүндө беш күн жылуулук жана ысык болбойт
4027
                                    
                                    
                                                                     Бишкектин бир бөлүгү беш күнгө жылуулугу жана ысык суусу жок калат. Себебин борбордук мэриянын басма сөз кызматы түшүндүрдү.
Шаар бийлиги эскерткендей, "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы Жаманбаев көчөсүндө, жер алдындагы газ түтүгүн оңдолгонуна байланыштуу табигый газды тургундарга берүү убактылуу токтотулат.
"Бишкектеплоэнерго" коммуналдык кызматы да 1-ноябрдан 5-ноябрга чейин жылуулукту жана ысык сууну токтотууга аргасыз экенин маалымдады.
Такталган билдирүүгө ылайык, жылуулук "Төмөнкү Жал" жана Гагарин көчөсүндөгү үйлөрдө жок болот.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/4155