Кыргызстанда дагы 62 адвокат бар. 85 талапкер экзаменден өтпөй калды
4148
                                    
                                    
                                                                     Кыргызстанда, 2020-жылы 62 жаран адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алышты. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Белгилүү болгондой, өткөн 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссиясы тарабынан жалпысынан 8 жыйын өткөрүлгөн, анда адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга 347 талапкердин арызы каралган, анын ичинен:
- - 242 талапкер квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат алган;
 - -105 талапкерге квалификациялык экзамен тапшырууга киргизүүдөн баш тартылган;
 - - 62 талапкер квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырышган;
 - - 85 талапкер квалификациялык экзаменди тапшыра алган эмес.
 
2020-жылдын 31-декабрына карата, Адвокаттардын мамлекеттик реестринде 4434 лицензия катталган жана берилген, анын ичинен иштеп жаткан лицензиялары бар адвокаттар 3509.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/409