Шашылыш билдирүү! Аба-ырайы кескин өзгөрүлүшү мүмкүн
4167
                                    
                                    
                                                                     Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 21-октябрда күндүз аба-ырайы кескин өзгөрүлүшү мүмкүн.
22-октябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт.
22-23-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Кар жаап, тоолуу райондордо жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 15-20 м/с.га жетет.
22-24-октябрда түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөйт:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2°, күндүз 1…6° жылуу.
 - Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу.
 - Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2…+3°, күндүз 4…9° жылуу.
 - Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 1…6° жылуу.
 - Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз 0…5° жылуу.
 - Тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.
 
Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/3983