Шайлоо бүтөөрү менен Кыргызстандан учуп кете турган авиабилеттер 33%га кымбаттап кетти
3789
                                    
                                    
                                                                     Бир тарапка жөнөй турган авиабилеттер шайлоодон кийин дароо 33% көтөрүлүп кеткен. Мындай маалыматты Aviasales.kg авиабилеттерди издөө сервиси берди.
Кыргызстандыктар негизинен Россияга учуп чыга турган билеттерди сатып алышууда. Суроо-талап эң жогору болгон шаарлар: Москва, Новосибирск, Санкт-Петербург. Билет алгандарын 92% бир тарапка гана алып жатышат.
Популярдуулугу боюнча, Казакстан жана Турция багыттары Россиядан кийинки орунда турат.
Шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин эки сааттын ичинде Россия тарапка жөнөй турган билеттердин баасы 25%га көтөрүлгөн.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/391