Экс-спикер шайлоого катышат
4391
                                    
                                    
                                                                     Жогорку Кеңештин экс-спикери Дастан Жумабеков Борбордук шайлоо комиссиясына 2021-жылдын 28-ноябрында өтө турган Жогоку Кеңешке депутаттарды шайлоосуна катышуу үчүн документтерин тапшырды.
Учурдагы депутат жана мурунку спикер Талас облусундагы №20-Манас шайлоо округу боюнча талапкерлигин кое тургандыгы белгилүү болду.
Талапкер бир шайлоо округу боюнча партиянын атынан же өз алдынча талапкерлигин кое алат.
Эске салсак, Кыргызстанда баш аягы 36 округ бар. Ар биринен талапкерлер чыга алышат. Шайлоого катышуу үчүн документтер ушул жылдын 13-октябрынын кечки саат 18:00го чейин кабыл алынат.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/3777                                    
                                
                            