Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатына катышат. Акжол Махмудов болсо катышпайт
Дүйнө чемпионатына кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын командасынын курамы аныкталды. Белгилей кетсек, чемпионат 2-10-октябрда Ослодо (Норвегия) өтөт.
Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) билдиргендей кыз-келиндер күрөшүнө Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси Айсулуу Тыныбекова менен коло медалдын ээси Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпионатына катышат.
Бул чемпионатта олимпиаданын катышуучулары Айпери Медет кызы (кыз-келиндер күрөшү), Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү) жана Эрназар Акматалиев (эркин күрөш) дагы күчүн көрсөтүшөт.
Бирок грек-рим күрөшү боюнча дагы бир Олимпиаданын күмүш байгесинин ээси Акжол Махмудов чемпионатка катышпайт.
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаев азырынча комментарий бере элек.
Дүйнө чемпионатына бара турчу Кыргызстандын курама командасынын курамы:
Кыз-келиндер күрөшү
- 62 кг чейин - Айсулуу Тыныбекова;
 - 68 кг чейин - Мээрим Жуманазарова;
 - 76 кг чейин - Айпери Медет кызы.
 
Грек-рим күрөшү
- 55 кг чейин - Нурмухаммед Абдуллаев;
 - 60 кг чейин - Жоламан Шаршенбеков;
 - 63 кг чейин - Калы Сулайманов;
 - 67 кг чейин - Амантур Исмаилов;
 - 72 кг чейин - Руслан Царев;
 - 77 кг чейин - Кайратбек Түгөлбаев;
 - 82 кг чейин - Калидин Асыкеев;
 - 87 кг чейин - Азат Салидинов;
 - 97 кг чейин - Бексултан Махмудов;
 - 130 кг чейин - Роман Ким.
 
Эркин күрөш
- 57 кг чейин - Алмаз Сманбеков;
 - 61 кг чейин - Улукбек Жолдошбеков;
 - 65 кг чейин - Алибек Осмонов;
 - 70 кг чейин - Эрназар Акматалиев;
 - 74 кг чейин - Эламан Догдурбек уулу;
 - 79 кг чейин - Саякбай Усупов;
 - 86 кг чейин - Арсалаң Будажапов.