Бишкектин түштүк-батышында бир нече күнгө газ өчүрүлөт
3504
                                    
                                    
                                                                     7-сентябрдан 10-сентябрга чейин Бишкектин түштүк-батышындагы бир нече райондордо жаратылыш газы болбойт. Анын себеби 1985-жылы пайдаланууга берилген Сухомлинов жана Табалдиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер астындагы газ түтүгүн оңдоо болгонун "Газпром Кыргызстан" билдирди.
Төмөнкү аймактарда газ өчүрүлөт:
- "Төмөнкү Джал" району;
 - Д.Садырбаев, Гагарин, Медеров, Абай, Ахунбаев, Ташкөмүр, Ажыбек баатыр көчөлөрү, Манас проспектиси жана Пожарский тилкеси.
 - "Теплоэнергоремонт" отканасы.
 
"Газпром Кыргызстан" кардарларынан кечирим сурап, шаардыктарды газдын убактылуу өчүрүлүшүнө түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/3364