Эже-сиңди күрөш боюнча финалга чыкты. Алардын бири биздин Айсулуу менен күрөшөт
3811
                                    
                                    
                                                                     Эже -сиңдилер Юкако менен Рисако Кавай эркин күрөш боюнча мелдештин финалына чыгышты.
Ошол эле учурда Юкако Кавай 62 кг салмакта биздин Айсулуу Тыныбекова менен алтын үчүн күрөшөт. Ошондой эле бүгүн, 4 -августта Рисако Кавай 57 килограммга чейинки категорияда финалга чыкты. Белгилей кетсек, Рисако Кавай 2016 -жылы эркин күрөш боюнча Олимпиада чемпиону болгон.
Эже-сиңдилер кош алтын алууга үмүттөнүшөт. Айсулуу Тыныбекова Юкако Кавайдын алтын алуусуна тоскоол болот деп ишенебиз. Алардын беттеши Бишкек убактысы боюнча болжол менен саат 17:55те болот.
Буга чейин Абэнин бир тууганы жана эжеси дзюдо боюнча Токио Олимпиадасында алтын медалга ээ болушкан.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/2897                                    
                                
                            
                