Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды
5265
                                    
                                    
                                                                     Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Ысык-Көл, Чүй, Талас, Баткен облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына 6 талапкер боюнча сунуштар келип президент Садыр Жапаров ага макул болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат бөлүмү билдирди.
Мамлекет башчысынын аталган 6 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары чыгып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди:
- Ысык-Көл облусу, Ак-Суу райондук сотуна: Маматкулов Русланбек Темиркулович;
 - Балыкчы шаардык сотуна: Мамбетова Чинара Сталбековна;
 - Чүй облусу, Аламүдүн райондук сотуна: Чоткараев Тилек Устабаевич;
 - Талас облусу, Талас облустук сотуна: Султаналиева Айнура Кенжебековна;
 - Баткен облусу, Баткен облустук сотуна: Пазылов Мамасаит Мамытович;
 - Бишкек шаары, Биринчи май райондук сотуна: Жумагулова Жылдыз Таалайбековна.
 
Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет, деп басма-сөз релизде жазылган.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/2767