COVID-19 боюнча 30-декабрга карата статистика
Республикалык штаб коронавирус жана пневмония боюнча 30 декабрга болгон акыбалды жарыялады.
Айыккандар
Бир сутканын ичинде COVID-19 жана пневмониядан айыкты:
- Бишкек – 93;
 - Ош – 8;
 - Чүй областы – 96;
 - Ош областы – 17;
 - Талас областы – 3;
 - Нарын областы – 7;
 - Ыссык-Көл областы – 36;
 - Джалал-Абад областы – 23;
 - Баткен областы – 7.
 
Сутка ичинде 290 айыккан пациент катталды. Бардыгы болуп 75 624 адам.
Жаңы учурлар
Өткөн суткадагы коронавирус жана пневмониянын жаңы учурлары:
- Бишкек – 65;
 - Ош – 0;
 - Чүй областы – 63;
 - Ош областы – 13;
 - Талас областы – 3;
 - Нарын областы – 3;
 - Ыссык-Көл областы – 24;
 - Джалал-Абад областы – 10;
 - Баткен областы – 8.
 
Бир сутканын ичинде 189 жаңы учур катталды. Бардыгы болуп 80 843 адам ооруга дуушар болду..
Өлүмдөр
Өткөн суткада Бишкекте коронавирустан бир өлүм катталды.
29 декабрга коронавирус жана пневмониядан 1 354 өлүм катталган.
Медиктер
Өткөн сутканын ичинде 4 медициналык кызматкерде COVID-19 катталган.
- Бишкек - 1;
 - Чүй областы - 1;
 - Ыссык-Көл областы – 1;
 - Талас областы - 1.
 
Өткөн сутканын ичинде 3 медкызматкер айыгып, стационардан чыгарылган. Ошондой эле 6 адам үйдө өткөргөн жеке изоляциядан чыгышты.
Бардыгы болуп COVID-19 деген диагноз менен медициналык кызматкерлерин саны 4 112 адамды түзөт. Алардын ичинен 3 910 айыгып чыккан.