Бостери айылынан жоголгон 3 жашар кызды милиция кызматкерлери табышты
3849
                                    
                                    
                                                                     Ысык-Көл облусунун Бостери айылынан жоголгон 3 жашар кызды милици кызматкерлери таап, ата-энесине өткөрүп беришти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Бүгүн, 15-июль күнү Бостери айылында жайгашкан "Золотые пески" пансионатынын көл жээгинде жергиликтүү тургундарынын үй-бүлөөсү эс алып жатып, 3 жашар кызы кайсы тарапка кетип калганын байкабай калышкан. Өздөрү кызын табууга жумшаган аракеттеринин жыйынтыгы чыкпай, айласы кеткен ата-эне, пансионатта коомдук тартипти көзөмөлдөгөн милиция кызматкерлерине кайрылышкан.
Милиция жоголгон кыздын белгилерин алгандан кийин, үч саатка жакын издеп, кыздын үй-бүлөсү эс алып жаткан пансионаттан 500 метр алыстыктан табышкан, деп Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/2604