Кыргызстандын жаңы муфтийи Замир кары Ракиев жөнүндө эмне белгилүү? Толук өмүр баяны
11038
                                    
                                    
                                                                     Бүгүн, 26-июнда Замир Ракиев өлкөнүн жаңы муфтийи болуп шайлангандыгы белгилүү болду. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы жаңы шайланган муфтийдин толук өмүр баянын жарыялады.
Биография
Замир кары Ракиев 1978-жылы 15-февралда Нарын облусунун Кочкор районундагы Шамшы айылында туулган.
Билими жогорку: Бишкек шаарынын Борбордук мечитиндеги медресени аяктаган. Египеттеги Аль-Азхар Ислам Университетинде "диндин негиздери" адистиги боюнча окуусун уланткан. Замир кары Ракиев ошондой эле Бишкек гуманитардык университетинин чыгыш таануучу адистигин аяктаган.
Эмгек жолу:
- 2007-2008 Чүй обл, Аламүдүн району, "Абу Бакр Сыддык" медресесинде мугалим.
 - 2008 -2010 Чүй обл, Аламүдүн району, "Абу Бакр Сыддык" медресесинде директор.
 - 2010 – 2011 Нарын облусунун казысы.
 - 2011 -2016 Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары.
 - 2016- 2017 Кыргызстан мусулмандар дин башкармасынын окуу бөлүмүнүн башчысы.
 - 2017-жылдын май айынан тарта Азирети муфтийдин орун басары.
 
Үй-бүлөлүү, бир уулу жана эки кызы бар. Араб жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/2262