Өлкө башчысынын кортежи кырсыкка кабылды. Президенттик администрация чоо-жайын түшүндүрдү
3816
                                    
                                    
                                                                     Президент Садыр Жапаровдун администрациясы кырсыктын чоо-жайын Kaktus.media редакциясына билдирди.
Бүгүн, 4-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда болгон учурда, эскорт унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталды.
Жолдун бир бөлүгүндө, Ысык-Көл районунун Ананьево айылына жакын жерде коштоп жүргөн адамдарга бекитилген автоунааны каршы тилкеге чыгып кеткен унаа сүзүп кеткен.
Алдын ала маалымат боюнча, каршы тилкеге чыгып кеткен унаанын айдоочусу мас абалда болгон.
Бул кырсыктын кесепетинен УКМКнын 9-кызматынын кызматкерлеринин арасынан үчөө жаракат алып, бирөө каза болду.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://xn--90aiakkb9g.kaktus.media/1914                                    
                                
                            